Мыйзамдагы өзгөртүүлөр ишкердик климатка терс таасирин тийгизип жатат – ЖИА

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр ишкердик климатка терс таасирин тийгизип жатат –  ЖИА

ЖИАнын аткаруучу директору Фархад Пакыров журналисттер менен жолугушуусунда бир жылдын ичиндеги мыйзамдардын өзгөрүшү, анын ичиндеги жаңы Салык кодекси ишкердик инвестициялык климатка бир топ терс таасирин тийгизди деген пикирин билдирди.

Пакыров сырттан келген инвестор биринчи кезекте жергиликтүү ишкерлердин абалына маани бере тургандыгын айтты.

«Кыргызстанда инвестициялык климат дегенде чет өлкөлүк ишкерлерди эле инвестор катары көрүп алабыз жана жергиликтүү ишкерлердин абалы кандай деп аларды өзүнчө бөлүп карайбыз. Биз сырттан келген инвесторлорго шарттарды жакшы түзөлү деген менен ички ишкерлердин абалы өтө жакшы эмес. Себеби бул мыйзамдарга келип такалат», – дейт ал.

Пакыров мамлекет тарабынан демилгеленген мыйзамдар ишкерлерге чоң жоготууларды алып келүүдө деген ойдо.

«Экономикага киргизилген өзгөчө кырдаал, курулуштагы үлүш сыяктуу меселелер, ишкерлерге бир топ жоготууларды алып келип жатат. Жергиликтүү ишкерлердин инвестиция тартуу шартына токтолсок, алардын деңгээлин жогору деп айтуу кыйын. Региондордо инвестиция тартуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөйт. Мисалы, бир инвестор келип, Баткен, Жалал-Абад боюнча сураса, так жооп бере алышпайт. Мисалы, коңшу мамлекеттерде ар бир региондун инвестициялык картасы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар бар. Көп учурда адистер Бишкек менен эле чектелип калып жатат», – деди ЖИАнын директору.

Ошондой эле Пакыров ишкерлер туруктуулук каалап жатышканын, өзгөрүп жаткан мыйзамдар терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

«Учурда ишкерлер көбүрөөк туруктуулук каалап жатышат. Себеби бир жылдын ичинде эле өзгөртүлгөн Кылмыш кодекстери, Салык кодекстери сыяктуу бир топ чоң документтер ортого чыкты. Бул да күтпөгөн жерден ишкердик инвестициялык климатка бир топ терс таасирин тийгизип койду», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

Жыргалаңдагы лыжа трассалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат

"Ала-Тоо Резорт" ААКтын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору Жыргалаңдагы курулуш жүрүп жаткан тилкелерди карап чыгышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Анын алкагында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды