Президентинин Иш башкармалыгына "Кыргызтелекомдун" мамлекеттик акциялар пакети өттү

Президентинин Иш башкармалыгына "Кыргызтелекомдун" мамлекеттик акциялар пакети өттү

Министрлер Кабинети "Кыргызтелеком" телеком-операторунун мамлекеттик акциялар пакетин башкарган органды өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги №280 токтомуна ылайык, акционердин функциялары Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт.

Мындай өзгөртүү мамлекеттик акциялар пакетин борборлоштуруп башкаруу зарылдыгы, жөнгө салуу функцияларын жана мамлекеттин акционер катары ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик катышуусу бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түшүндүрүлөт.

Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинети 2022-жылдын 10-майындагы №250 токтомго өзгөртүү киргизип, анда "Кыргызтелеком" ААКсында акционердин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тууралуу жобону алып салды. Санариптик өнүгүү министрлиги жана Президенттин Иш башкармалыгы функцияларды өткөрүп берүү иштерин аяктоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды

Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды

Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек