Brent маркасындагы мунайдын баррели 111 долларга жетти

Brent маркасындагы мунайдын баррели 111 долларга жетти

Brent маркасындагы мунайдын баасы европалык рынокто 3% өсүп, бир баррели 111 долларга жетти. Кара май 7 күн катары менен кымбаттап келатат, ошол эле кезде Азиянын финансы рынокторунда 28-апрелде акциялар арзандады.

Бул Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, Ормуз кысыгынын жабылышынын экономикалык кесепеттерине байланышкан тынчсыздануу өлкөлөрдүн борбордук банктары саясатын өзгөртүшү мүмкүн деген божомолду бекемдеди.

Ошол жаңы саясатка ылайык, инфляцияга туруштук берүү үчүн үстөк пайызды көтөрүү каралууда.

Ормуз кысыгынан дүйнөдөгү мунай менен газдын дээрлик 20%ы ташылат.

АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралда Иран кысыкты кемелер менен мунай танкерлери үчүн иш жүзүндө жаап салган. Ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин, 17-апрелде ачып, көп өтпөй кайра жапкан. Анын алдында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаганда америкалык аскерлер ирандык портторду бөгөттөгөн.

Мунун айынан пайда болгон глобалдык кризис өзгөчө Азиянын өлкөлөрүндө сезилүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media