Президент дыйкандарды берилген насыяны максаттуу пайдаланууга чакырды
Бүгүн, 22-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында, дыйкандарга кайрылып, арзан пайыз менен берилип жаткан насыяларды максаттуу пайдаланууга, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууга чакырды.
Жапаров мамлекет дыйкандарга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштаганын, дыйкандар аны 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан ала баштаганын жана насыялар «Айыл банк», «РСК»,«Керемет банк» өкмөттүк банктар аркылуу берилип жатканын, жалпысынан, айыл чарба багытына 26 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.
«Мунун ичинде 1.5 млрд сом үрөн сатып алууга, 1 млрд сом ирригация тутумун жакшыртууга, калганы дыйкандар менен фермерлерге 3 жылдык мөөнөткө насыя берүү үчүн бөлүндү. Жалпысынан 16 миң тонна жогорку сапаттагы үрөн сатылып алынды. Бул үрөндөр мурда карызы бары-жогуна карабастан, дыйкандарга 4.5% үстөгү менен 2 жылдык мөөнөткө берилип жатат», – деди президент.
Мындан тышкары, Жапаров дыйкандарды насыяны максаттуу пайдаланууга чакырды.
«Баса белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар! Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул акчаларга завод-фабрикаларды куралы деген сунуштар болду. Бирок завод-фабрикаларды ишке киргизүү үчүн 3-4 жыл убакыт керек болот. Ошондуктан былтыркы таза кирешени дыйкандар менен фермерлерге берели деген чечим кабыл алдык. Себеби, сиздер быйыл мол түшүм алып, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууңуздар керек», – деди өлкө башчы.