Президент дыйкандарды берилген насыяны максаттуу пайдаланууга чакырды

Президент дыйкандарды берилген насыяны максаттуу пайдаланууга чакырды

Бүгүн, 22-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында, дыйкандарга кайрылып, арзан пайыз менен берилип жаткан насыяларды максаттуу пайдаланууга, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууга чакырды.

Жапаров мамлекет дыйкандарга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштаганын, дыйкандар аны 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан ала баштаганын жана насыялар «Айыл банк», «РСК»,«Керемет банк» өкмөттүк банктар аркылуу берилип жатканын, жалпысынан, айыл чарба багытына 26 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.

«Мунун ичинде 1.5 млрд сом үрөн сатып алууга, 1 млрд сом ирригация тутумун жакшыртууга, калганы дыйкандар менен фермерлерге 3 жылдык мөөнөткө насыя берүү үчүн бөлүндү. Жалпысынан 16 миң тонна жогорку сапаттагы үрөн сатылып алынды. Бул үрөндөр мурда карызы бары-жогуна карабастан, дыйкандарга 4.5% үстөгү менен 2 жылдык мөөнөткө берилип жатат», – деди президент.

Мындан тышкары, Жапаров дыйкандарды насыяны максаттуу пайдаланууга чакырды.

«Баса белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар! Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул акчаларга завод-фабрикаларды куралы деген сунуштар болду. Бирок завод-фабрикаларды ишке киргизүү үчүн 3-4 жыл убакыт керек болот. Ошондуктан былтыркы таза кирешени дыйкандар менен фермерлерге берели деген чечим кабыл алдык. Себеби, сиздер быйыл мол түшүм алып, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууңуздар керек», – деди өлкө башчы.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында 401 млн сомдук долбоор жактырылды

Ош шаарында 401 млн сомдук долбоор жактырылды

Кечээ Ош облусунда жана Ош шаарында ишке ашырылып жаткан "Аймактык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында жыйын өткөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө мурда түзүлгөн өндүрүмдүү өнөктөштүктөрдүн 8 катышуучусунун кошумча инвестициялык колдоо алуу үчүн сунушталган долбоорлору каралды. Ошондой эле жалпы

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө бир нече күн газ болбойт

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө бир нече күн газ болбойт

Орточо басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу 30-апрелге чейин газ берүү убактылуу токтотуларын "Бишкекгаз" билдирди. Өчүрүлө турган аймактар: ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Фучик, Дорожная, Юбилейная, Пригородная, Жаш Гвардия, Саадаев, Школьная, Коллекторная, Новая, Киргизская көчөлөрү, ошондой эле Садовый жана Совет көчө кесилиштери. "Бишкекгаз" газ

Президентинин Иш башкармалыгына "Кыргызтелекомдун" мамлекеттик акциялар пакети өттү

Президентинин Иш башкармалыгына "Кыргызтелекомдун" мамлекеттик акциялар пакети өттү

Министрлер Кабинети "Кыргызтелеком" телеком-операторунун мамлекеттик акциялар пакетин башкарган органды өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги №280 токтомуна ылайык, акционердин функциялары Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт. Мындай өзгөртүү мамлекеттик акциялар пакетин борборлоштуруп башкаруу зарылдыгы, жөнгө салуу функцияларын жана мамлекеттин акционер катары

Brent маркасындагы мунайдын баррели 111 долларга жетти

Brent маркасындагы мунайдын баррели 111 долларга жетти

Brent маркасындагы мунайдын баасы европалык рынокто 3% өсүп, бир баррели 111 долларга жетти. Кара май 7 күн катары менен кымбаттап келатат, ошол эле кезде Азиянын финансы рынокторунда 28-апрелде акциялар арзандады. Бул Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, Ормуз кысыгынын жабылышынын экономикалык кесепеттерине байланышкан тынчсыздануу өлкөлөрдүн борбордук банктары саясатын өзгөртүшү мүмкүн