Мыйзам колдоо тапса, КРга кирген чет өлкөлүк жарандар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттенишет
Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө медициналык камсыздандырууну алуусу керек деген пикирин билдирди.
Депутаттын айтымында, КРнын жарандары чет өлкөгө барганда сөзсүз түрдө алышат жана чет өлкөлүктөрдү да милдеттендирүү зарыл.
Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул мыйзам өткөн чакырылыштын депутаттарына да сунушталганын айтты.
«Азыр кайрадан бул чакырылышка мыйзам долбоорун киргизип жатабыз. Эгер колдоп берсеңиздер, чет элдик студенттер жана жарандар баары алышат», – деди министр.
Эскерте кетсек, учурда милдеттүү камсыздандыруу төлөмү чет өлкөлүктөр үчүн – 7 миң сом, ал эми КРнын жарандарына – 1200 сомду түзөт.
Сүрөт: sputnik.kg