Сауд Арабиялык холдингдер КРнын азыктарынын экспортун кеңейтүүгө жана энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Сауд Арабиянын Ajlanand Brothers холдингдер тобу узак мөөнөттүү инвестиция үчүн КРнын энергиянын кайра жаралуучу булактары секторун жана энергетика тармагын изилдөөгө кызыгып жатканын билдиришти.
Бул тууралуу 20-февралда Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов менен болгон жолугушууда аталган топтун вице-президенти Хишам Мохаммед Аль-Шариф билдиргенин ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ajlan and Brothers тобунун вице-президенти узак мөөнөттүү инвестициялоо үчүн КРнын энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагын жана энергетика өнөр жайын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен Сауд Арабиянын ортосундагы өз ара пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.
Ошондой эле Сауд Арабиянын Ajlan & Bros Holding Group холдинги КРнын эт азыктарын, бөтөлкөдөгү сууну, ошондой эле мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар экенин да билдиришти. Бул тууралуу Эр-Риядда инвестициялык агенттиктин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов менен холдингдин башкармалыгынын төрагасы Али Аль Хазминин жолугушуусунда белгилүү болду.