Украинадагы окуялардан улам Кыргызстанда доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн
Улуттук банк доллардын курсун эркин кое берсе, Кыргызстанда доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Альянс» акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов билдирди.
Рыскуловдун айтымында, ата мекендик бизнес россиялык базар менен иштегендиктен биздин акча алмаштыруу жайлары Москва биржасына ориентир алышат. Бирок алар негизинен Улуттук банктын саясатына карашат жана доллардын курсу жасала турган интервенциялардан көз каранды.
«Бүгүн, кечке чейин Улуттук банктын саясатынын багыты кандай болоору белгилүү болот деп ойлойм. Доллардын курсун эркин кое беришсе анда заматта, бир-эки саатта 100 сомго чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Бирок, эгерде Улуттук банк интервенция жасап, рынокту доллар менен кандырса – менимче, ал 85 сомдон төмөн сатылбайт. Андан төмөн саткан регулятордун өзүнө деле пайдалуу эмес — доллардын курсу баары бир 86-87 сомду түзөт», — деди ал.