Айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн өлкөдөн экспорттоого тыюу салуу сунушталууда
Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын жана ЕАЭБдин аймагынан тышкары айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган токтом долбоору Министрлер кабинетинин расмий сайтында коомдук талкууга чыкты.
ЕАЭБдин аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеги:
- Буудай жана меслин
- Буудай уну
- Күн карама уруктары
- Өсүмдүк майы
- Кумшекер
- Инкубациялоо үчүн уруктандырылган жумурткалар Үй канаттуулар жумурткалары
Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып, жети күн өткөндөн кийин убактылуу тыюу салуу 6 айга киргизилет.