Автоунаанын айнегин караңгылатууда айдоочулук стаж каралбайт
Кечээ, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева автоунаанын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууда айдоочунун стажы каралабы деген суроосун узатты.
Депутаттын айтымында, айдоочулук стажы аз айдоочулар жаанчыл же тумандуу аба ырайында жол коопсуздугун бузуп алышы ыктымал.
ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү караңгылатууда эч кандай стаж каралбай тургандыгын билдирди.
Эскерте кетсек, Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берип, республикалык бюджетти салыктык эмес кирешелер менен толтурууну көздөп жатат. Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Белгилей кетсек, айнекти күңүрттөөнүн баасы 30 миңден 50 миң сомго чейин болот, бирок акыркы баа Министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Тиешелүү органдардын эсебинде, бир жылда 20 миңге чейин унаага уруксат берилет.
Кошумча окуңуз: Айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине айнегин күңүрттөөгө уруксат берилбейт
Эми унаалардын айнегин караңгылатуу – 50 миң сом болот
Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо