Бишкекте доллар 88 сомго түштү
Бишкекте бүгүн, 25-февралда саат 11.40га карата доллардын наркы 88 сомго түштү. Мындай маалыматты Valuta.kg порталына карап айтууга болот.
Улуттук банктын расмий сайтында белгилеген доллардын курсу 84.8 сом.
Эскерте кетсек, кечээ, 24-февралда Укранинадагы окуялардан улам Кыргызстанда рубль төмөндөп, доллардын курсу болсо 95 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.
Эскерте кетсек, Улуттук банк кечээ, 24-февралда доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзгөнүн регулятордун маалымат кызматы Economist.kg басылмасына билдирген.
