КР Казакстандан автотранспорт техникаларын алууну карап жатат
Автоунаа тармагындагы кызматташуунун алкагында кыргыз тарап казактардан автотранспорт техникаларын сатып алуу жана лизингге алуу маселесин кароодо. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн.
Аталган жолугушууда кыргыз тарап автотранспорт техникаларын сатып алуу жана лизингге алуу маселесин карап жатканын жана учурда техникалык маселелер иштелип жатканын айткан.
Ошондой эле казак өкмөтүнүн маалымат кызматы жолугушууда суу жана энергетикалык кызматташуу тууралуу тараптар транс-чек аралык дарыялардын агымы боюнча Сырдарыя, Чу жана Талас дарыяларынын бассейндериндеги суунун жетишсиздигинин терс кесепеттерин жоюуга мүмкүн болгон маселелер чечилгенин билдирди.