«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталын 8.5 млрд сомго көтөрүү тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) программасын ишке ашырууга каражаттарды бөлүү темпин тездетүү үчүн Финансы министрлигине тапшырма берди.
Тапшырмага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягына чейин 1 млрд сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында «МИК» ААКтын уставдык капиталын 8.5 млрд сомго көбөйтүү зарыл.
Мындан тышкары, Аалиев Экономика жана коммерция министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «МИК» ААКга турак-жай курулушун стимулдаштыруу максатында ипотекалык кредиттөө программасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди.