Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады
Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады. Бул тууралуу Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында КР менен РФнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот.
«Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 47%га өсүп, 2.5 млрд долларга жакындады. Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык кеңейүүдө», – деди ал.
Михаил Мишустин өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санариптик экономика, жашыл энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.