Улуттук банктын эл аралык резервинде 2.8 млрд доллар бар
2022-жылдын 22-февралына карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 млрд 792.4 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу регулятордун кечээ, 24-февралда валюта рыногундагы абал боюнча билдирүүсүндө айтылды.
Улуттук банктын билдирүүсүнө таянсак, бул эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн 6 айын камсыздайт.
«Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кылат», – деп айтылат билдирүүдө.