«Альянс Алтын» бюджетке 4.5 млрд сомдон ашык акча төлөдү
Үстүбүздөгү жылдын 10-февралына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке жалпысынан 4 млрд 519 млн сом, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн кирешеден 1 млрд 983 млн сом салык төлөдү. Мындай маалымат компаниянын отчетунда айтылат.
Талас районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана күтүүгө «Алтын Альянс» тарабынан 254.6 млн сомдон ашык төлөнгөн. Анын ичинде:
- Талас облусунун өнүктүрүү Фонду (50%) — 127.3 млн сом
- Талас районунун өнүктүрүү Фонду (30%) – 76.4 млн сом
- Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) — 50.9 млн сом
2022-жылдын февралына карата кенде подрядчы уюмдарды кошкондо 1366 адам жумуш менен камсыз болгон. Анын ичинен 330 жумушчу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары.
- «Альянс Алтын» ЖЧКсында 668 кызматкер иштейт:
- 393 – Талас районунан (анын ичинен 156 Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн),
- 186 – башка аймактардан,
- 89 – Бишкек шаарынан.
Талас районунун 361 тургуну кенде иштөө үчун окуган болсо, анын ичинен 197 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.