«Баткен» бажысы 7.5 тонналык контрабандалык жер семирткичти кармашты
«Баткен» бажысынын кызматкерлери жалпы салмагы 7.5 тоннаны түзгөн контрабандалык жол менен ташылып келинген минералдык жер семирткичтерди аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарында КР жараны «Ж.у.А.» башкаруусунда «Mercedes-Benz 814» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 7500 кг болгон «Селитра» минералдык жер семирткичтери табылган. Жүк чектеш мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келинген.
КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 337 миң 500 сомду түзөт. Бул факты боюнча материалдар «Баткен» бажысында каралууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстан бир дагы кг минералдык жер семирткич өндүрбөйт, толугу менен импортко көз каранды. Жер семирткичтердин негизги бөлүгү – 85-87% Өзбекстандан, ал эми фосфордук, аммофос, калийдик жер семирткичтер болсо Россиядан жана Казакстандан келет.

