Химиялык азыктарды өндүрүү кыскаргандан, өнөр жайдын көлөмү 4.5%га түштү
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү январь айында өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 4.5%га төмөндөп, 22 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Бул химиялык продукттарды (-20.5%), резина жана пластмасса буюмдарын (-18.7%), тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын (-7.7%), ошондой эле тоо-кен казып алуу (-6.6%) өндүрүшүнүн төмөндөшү менен шартталган.
Мында оң тенденциялар курулушта байкалган, анын көлөмү 1.6%га өскөн, ошондой эле айыл чарбасында (+2.4%), дүң жана чекене соодада (+7.3%) да бираз байкалган.