«Кумтөрдөн» бюджетке канча каражат түшкөнүнөн толук маалыматым жок – Экономика министри
Бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевден журналисттер «Кумтөрдөн» бюджетке канча каражат түшкөнү тууралуу так маалымат сурашты.
«Кумтөрдөн» республикалык бюджетке канча каражат түшкөнүнөн толук маалыматым жок. Жаңылбастан, тактап туруп, так маалымат берели», – деди атайын маалымат жыйынга өлкөнүн экономикасы боюнча маалымат бергени келген Экономика министри Амангелдиев.
Бирок ушул эле жыйында Амангелдиев «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгонун, азыр мурдагы өндүрүш көлөмүнө келгенин, 2021-жылы киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелеринин баарын аткарганын айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев да Кумтөрдүн алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу маалыматы жок экенин, аны «Кыргызалтын» ААК гана билерин айткан эле.
2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ошондогу убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирген болчу. Анда Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания 13.6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөрдүн планы 150%дан ашканын айткан.