«Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон
Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Амангелдиев «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде элдерде кыргыз тарап өзү иштете алабы деген күмөн саноо болгонун айтты.
«Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон. Азыр мурдагы өндүрүш көлөмүнө келди. 2021-жылы киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелеринин баарын аткарды», – деди Амангелдиев.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ошондогу убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирген болчу. Анда Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания 13.6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөр планы 150%га ашканын айткан.