Россия Кыргызстандын бюджетин колдоого 10 млн доллар берген
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров РФнын премьер-министри Михаил Мишустинге өткөн жылдын аягында көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, Россия КРнын бюджетин колдоого 10 млн доллар бөлгөн.
КР Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтулаарын белгилеп, ЕАЭБдин алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин билдирди.
«Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Кыргыз тарап интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана жалпы максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», – деди ал.
Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында жолугушкан.