Россиянын банктарынын SWIFT системасынан өчүрүлүү тобокелдиги КРнын банктарынын ишмердигине зыянын тийгизбейт
Россиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Анткени Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү КРнын Улуттук банкы аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган. Ошол эле учурда Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ.
Улуттук банк КРнын төлөм жана акча которуу системалары штаттык режимде иштеп жатканын, башка өлкөдө орун алган жагдайдын улуттук төлөм жана акча которуу системаларынын иштешине тийгизген таасиринин деңгээли минималдуу болуп саналаарын айтат.