«Оптима Банк» кардарынын картасынан 80 миң сом жок болуп кетти - рублди туура эмес конвертация жасаган

«Оптима Банк» кардарынын картасынан 80 миң сом жок болуп кетти - рублди туура эмес конвертация жасаган

Элина Глазунова аттуу ишкердин «Оптима Банк» картасында рублди туура эмес конвертация жасагандан кийин 80 миңге жакын сому жок болуп кеткен. Бул тууралуу ал Economist.kg басылмасына билдирди.

Банк кардарынын айтымында, 10 күн мурун анын эсебине Россиядагы кардарларынан 150 миң рубль түшкөн эле. Кечээ ал акчаны эсептен алып, кызматкерлерине айлыгын төлөп берейин деген.

«Акча түшкөндө, ал автоматтык түрдө сомго которулат. Банкингде жалпы 180 миң сом бар эле, ал сом түрүндо көрсөтүлүп турган. Акчаны алаарда мен дагы бир жолу текшердим, сумма сом менен сакталып турган. 100 миң сом алгандан кийин, тиркемеде эсеп тууралуу маалымат өчүп калды. Бир нече убакыттан кийин карасам, картада 22 миң гана сом калыптыр. Мен абдан таң калдым. Анан мен картадан дагы 20 миң сом алдым, картанын балансында 1640 сом гана калды», — дейт ал.

Ишкер айымдын сөзү боюнча, банкта кармап калуунун пайызы 7% жеткенин айткан.

«Алар жарым сааттын ичинде ошол 7% кайра картага түшөөрүн айтышты, бул 8 миң сомго жакын акчы. Мен тешкерип кирсем, балансым -12.9 мин сомго түшүп кетиптир. Бир топко созулган териштирүүлөрдөн кийин, алар мага рублди алаардан мурун менин эсебимде 0.65 сом курсу менен конвертация жасалганын айтышты. Бирок ошол маалда банкттын сайтында рублдин курсу 0.9 сом эле», — деди ал.

Натыйжада ишкер айым 80 миң сомго жакын каражатынан айрылды.

«Тиркемеде менин акчам сом түрүндө чагылдырылганын көргөм. Ал жерде рубль менен деп жазылса, мен ал акчаны албайт болчумун», — деп кошумчалады Элина Глазунова.

Операция 28-февралда, саат 15.00 чамасында жасалганын тактаты ал.

Банктын сайтында рублдин курсу күндүзгу 12ден бери 0.9 сом деңгээлинде кармалып турганы корүнүп турат.

Economist.kg редакциясы түшүндүрмө алуу үчүн банкка кайрылып, жообун күтүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында