«Оптима Банктын» расмий кайрылуусу

«Оптима Банктын» расмий кайрылуусу

«Оптима Банк» картадагы валютанын конвертациясы тууралуу пайда болгон көйгөй жөнүндө кардардын арызына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу банк Economist.kg басылмасына маалымдады.

«Учурда банктын баардык сервистери жана тейлөө кызматы штаттык тартипте иштеп жатат, бирок дүйнөлүк рыноктогу жогорку волатилдүүлүктөн улам, автоматтык конвертацияда кардар техникалык овердрафтка туш болуп калуу коркунучунан сактап калуу максатында, мультивалюттук карталардагы операциялар чектелген. Мындан тышкары, мультивалюттук карталардагы операцияларга анын жалпы суммасынын 7%на мультипликатор орнотулган.

Карта эсебиндеги терс баланстын пайда болушунун себеби, картадагы акча калдыгы (евро, АКШ доллары, рублдик валюта эсептери) негизги эсептеги кыргыз сому КР Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча саналгандыктан, мультивалютадагы карта минуска кеткен, бирок чет өлкө валютасында конвертация же операция жүргүзүлгөн мезгилде валютаны сатып алуу боюнча банктын коммерциялык курсу пайдаланылат.

Мисалы, 2022-жылдын 28-февралында Улуттук банк 1 рублге 1.065 сом деп эсептик курсун аныктаган, ал эми банктын коммерциялык сатып алуу курсу 1 рубль 0.65 сом деп аныкталган.

Акча которууда, банкоматтан сом менен алууда, эгер сиздин сомдук эсеп балансыңызда керектүү сумма (сом менен) жетишсиз болсо, банк системасы керектүү сумманы валюттук эсептен алат. Операциянын суммасы банк валюттук эсептен кошумча алган сумманы эске алуу менен эсептик курс боюнча блоктолуп, ал эми келишим жабылып жатканда (акыркы эсептешүү) банктын сатып алуу же сатуу боюнча коммерциялык курсу боюнча алынат.

Мультивалюттук карталардын иштөө өзгөчөлүгү «Оптима Банк» ААКнын банк карталарын пайдалануу эрежелеринде жазлган.

Мисалы, сиз картаңызга 10 миң рубль алдыңыз. Ал каражат түшкөн күнү, 2022-жылдын 28-февралында Улуттук банктын эсептик курсу боюнча 1 рубль 1.065 сомду түзгөн. Сиз 10 миң рублди банкоматтан алганда, колуңузга 10 650 сом тийди. Сиз 10 650 сомду алып жаткан учурда, валюттук рынокто жогорку волатилдүүлүк жаралып, рублди сатып алуу боюнча банктын коммерциялык курсу 1 рубль үчүн 0.65 сомго түшүп кетти.

Келишим жабылып жатканда (акыркы эсептешүү) 2022-жылдын 28-февралында, 10 миң рубль 1 рубль 0.65 сом 6 500 сомго конвертацияланган. Ал эми сиз банкоматтан 10650 сом алгандыгыңызга байланыштуу, келишим убагында сизде иш жүзүндо 6500 сом бар эле, иш жүзүндө алынган сумма менен валюттук эсептеги сом эквивалентиндеги сумма ортосунда айырма болгондуктан, минуска кетип, сиздин картаңызда техникалык овердрафт пайда болгон.

Банктын кызматкерлери бөлүмдөргө кайрылган же, «Оптима Банктын» байланыш борборуна чалган баардык кардарларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ыңгайсыздык келтиргенибиз үчүн кечирим сурайбыз!

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында