Ысабеков: ККМди колдонууну жарандар өздөрү талап кылат деп үмүттөнөбүз
Экономика жана соода министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков калкты ККМди колдонууга үндөө иштери жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал Economist.kg басылмасы уюштурган«Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.
Ысабековдун айтымында, сунуш кылынган кэшбэк системасы кардарларды ККМди колдонууну талап кылууга жардам берет.
«Товардын наркынын бир бөлүгү кардардын эсебине кайтарылат. Коңшу мамлекеттерде 1 кассага 27-35 адам туура келет деген статистика бар, бизде бир ККМге 250 адам туура келет», – деди ал.
Мындан тышкары, ал ККМдин чектери менен лотереяларды ойнотуу, ага баалуу байгелерлерди коюу пландалып жатканын билдирди.