Казакстандын чек арасында кыргыз тарап жүктөрдү өткөрбөй жатат

Казакстандын чек арасында кыргыз тарап жүктөрдү өткөрбөй жатат

Казакстандын территориясында, тагыраак айтканда, Токмокко жакын Черная Речка айылынын жанында жүк машиналар 10 күндөн бери кармалып турганын Economist.kg басылмасына өздүк булактар маалымдашты.

Алардын айтымында, жүктөрдү кыргыз тарап кое бербей жатат.

«Негизи казак тараптан көйгөй жаралчу эле, бул жолу кыргыз тарап өткөрбөй жатат. Себебин билбейбиз, сурасак, Бажы кызматынын жетекчилиги алмашкандыгына байланыштуу деп айтышты. Бир дагы машинаны өткөрбөй жатышат. Тез бузулуп кетчү мөмө, жашылча-жемиш алып келе жаткан жүк машиналар да турат. Аларды дагы эртең өткөрөбүз деп эле алдап жатышат», – дейт жүктөрү чек арада турган ишкер.

Бир жумадай тургандан кийин айдоочулар чек ара ачылганда келебиз деп Кыргызстанга үйүнө кетип калышкан.

«Бирок кайра келишкенде деле кое беришкен жок. Чек арада жүктөр турат деген эч бир жаңылык да жок. Өзүң кирип чыксаң боло берет, бирок жүктү өткөрбөй жатат», – дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында