«Айыл банк» дыйкандарга кредит берген жок – Бакиров

«Айыл банк» дыйкандарга кредит берген жок – Бакиров

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров «Айыл банк» дыйкандарга эч кандай кредит берген жок деген маалыматты айтты.

Анын айтымында, дыйкандарга деп «Айыл банк» аркылуу берилчү кредиттер дыйкандарга жеткен эмес.

«Кумтөрдүн акчасы деп ар бир райондо 3-4 кишиге 100 миң сомдон берип коюшуптур, бул өтө эле аз. Мамлекеттик банктардан кредит берилбей жатат, дыйкандар ала албай жатышат. Бизге күнүгө толтура кайрылуулар түшүп жатат», – деди депутат.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун бекитип, Финансы министрлигине коммерциялык банктарга пайыздык үстөктөрдү субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүүнү тапшырган. Мындан тышкары, 22-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында, дыйкандарга кайрылып, арзан пайыз менен берилип жаткан насыяларды максаттуу пайдаланууга, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууга чакырган болчу.

Жапаров мамлекет дыйкандарга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштаганын, дыйкандар аны 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан ала баштаганын жана насыялар «Айыл банк», «РСК»,«Керемет банктары» аркылуу берилип жатканын, жалпысынан, айыл чарба багытына 26 млрд сом бөлүнгөнүн айткан.

Ошол эле кезде «Айыл банктын» расмий сайтында «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) мамлекеттик программасынын алкагында «Өсүмдүк өстүрүү» категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн кошумча шарттар тууралуу маалымат келтирилип, жеңилдетилген кредиттер кезекке ылайык берилери айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында