Кыргызстандын үч банкынын Visa жана Mastercard карталары санкциялардан улам иштебей калышы мүмкүн

Кыргызстандын үч банкынын Visa жана Mastercard карталары санкциялардан улам иштебей калышы мүмкүн

Кыргызстандын үч банкы – «РСК», «КЫРГЫЗСТАН» жана «Керемет» банктарынын процессингдери Россиянын процессинг борборлорунда жайгашкан. Эгерде санкциялар Россиянын процессинг борборлоруна киргизилсе, Кыргызстандагы Visa жана Mastercard карталарынын ээлери карталарын колдоно албай калышат. Бул тууралуу Economist.kg сайтына өздүк булактар ​​билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук банк санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн мүмкүн экенин эскертип, бирок кайсы банктардын процессингдери Россияда тейленээрин жарыялаган эмес.

Ушуга байланыштуу, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, «Элкарт» карталары менен Россия, Беларусь жана Арменияда төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Visa компаниясынын өкүлдөрү Economist.kg сайтына Россиядагы кырдаал алардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө таасир этпей турганын билдиришкен.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында