Россиянын процессинг борборлору санкцияга кабылса, КРнын бир катар банктары Visa жана Mastercard менен иштей албай калышы ыктымал

Россиянын процессинг борборлору санкцияга кабылса, КРнын бир катар банктары Visa жана Mastercard менен иштей албай калышы ыктымал

Санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Бирок алар ошол банктардын өздөрүнүн филиалдарында/сактык кассаларында эсептешүү-кассалык тейлөөгө гана алынышы мүмкүн экенин регулятор кошумчалады.

Ушуга байланыштуу, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну жана алар боюнча өлкө ичинде операцияларды жүргүзүүнү сунуштайт.

«Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын алуу үчүн кардарлар коммерциялык банктарга кайрылышы керек. 

«Бүгүнкү күндө жалпысынан КРнын аймагындагы төлөм системалары накталай эмес төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып жатат. Россия банктарына санкцияларды киргизүү (Visa жана Mastercard банктык төлөм карталарын эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынан өчүрүү) жалпысынан Кыргызстандын төлөм системасынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени КРда «Элкарт» төлөм карталары менен улуттук эсептешүү системасы иштейт», – деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, бул система өзүнүн форматтары, эрежелери, тарифтери боюнча иштейт. Ошол эле учурда катышуучулар менен байланыш каналы катары жергиликтүү коммуникациялык кызмат көрсөтүү провайдерлери пайдаланылат. «Элкарт» карталары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар КРнын аймагында иштелип чыгат жана сакталат. 

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында