«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы «Альянс Алтын» ЖЧКга 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларда келтирилген чыгымдын ордун толтурат

«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы «Альянс Алтын» ЖЧКга 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларда келтирилген чыгымдын ордун толтурат

2020-жылдын октябрь окуясында белгисиз адамдар «Жерүй» кениндеги «Альянс Алтын» компаниясынын объектилерине мыйзамсыз кирип, ишканага олуттуу зыян келтиришкен. Мүлктөн тышкары, «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы» ЖАК тарабынан камсыздандырылган жаңы кымбат баалуу жабдуулар да толугу менен жок кылынган.

«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы «Альянс Алтын» компаниясынын чыгымын эсептеп чыгып, ага камсыздандыруу компенсациясын төлөп берүүнү чечкен. Тиешелүү келишимге 9-мартта «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы менен «Альянс Алтын» ЖЧКнын жетекчилери кол коюшту. Бул келишим «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткара тургандыгынын кепилдиги болуп саналат. Ошондой эле биринчи транш төлөнгөн.

Бул иш-чара – экономиканы жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногон компаниялардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп саналат.


Кол коюу аземинде «Альянс Алтын» ЖЧКнын башкы директору Сабир Рахматов тоо-кен тармагы КРнын экономикасында өзгөчө маанилүү роль ойноорун баса белгиледи. Ал эми «Альянс Алтын» анын өнүгүшүнө өз салымын кошууда.

«Учурда биздин компания туруктуу өндүрүш процессин уюштуруу боюнча активдүү иш алып барууда. Бул кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн бюджетине салыктарды өз убагында төлөөгө кепилдик берет. «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын камсыздандыруу компенсациясын төлөп берүүсү биздин ишкананын үзгүлтүксүз иштешине көмөктөшөт», – деди ал.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жогору болгонуна карабастан, «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын өз милдеттенмелерин аткарып жатканына канааттанат. «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы ишенимдүү өнөктөш жана бизнестин жогорку стандарттарына ээ компания экенин иш жүзүндө көрсөттү. «Бул Таластагы алтын комбинатынын мүлкүн камсыздандырган сыяктуу КРнын башка камсыздандыруу компаниялары үчүн прецедент болот деп ойлойбуз. Ал эми жалпысынан бул иш-чара КРнын аймагындагы ири долбоорлор менен иш алпарган инвесторлордун арасында оң бааланып жатат», – деди Сабир Рахматов.

«Биз КРнын тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары менен абдан тыгыз кызматташабыз. Ири жер казынасын иштеткендердин дээрлик бардыгы биздин кардарларыбыз. Биз эң жогорку бизнес стандарттарын карманабыз, бул биздин кардарлардын лоялдуулугунун маанилүү компоненти. Өлкөнүн эң маанилүү өнөр жай комплексине ири компенсация бизге гана эмес, бүтүндөй ички камсыздандыруу рыногуна болгон ишенимди жогорулатат деп ишенебиз», – дейт «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын башкы директорунун орун басары Данияр Медеров.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы Жерүйдү иштетүүгө лицензияны 2015-жылы 20 жылдык мөөнөткө алган. Жерүйдө руданы казуу 2019-жылдын ноябрь айында башталып, 2021-жылдын март айында алтын бөлүп алуу фабрикасы ишке киргизилген. «Альянс Алтын» бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү өз убагында төлөп, ошондой эле көптөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырып келет.

«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы КРнын камсыздандыруу рыногундагы эң биринчи компаниялардан болуп саналат жана ал 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп, кардарларынын алдындагы милдеттенмелери үчүн толугу менен финансылык жоопкерчиликти мойнуна алып келет. Бул компания финансылык туруктуулугунун жогорку деңгээли, өздүк каражаттарынын олуттуу көлөмү жана кайра камсыздандыруу боюнча ишенимдүү өнөктөш болгондугу менен айырмаланат.

Мындан тышкары окуңуз

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

23-26-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Айрым унаа жолдорунда кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. ӨКМдин маалыматына ылайык, кооптуу аймактарга Төө-Ашуу ашуусу (121–138-чакырым), Ала-Бел ашуусу (198–265-чакырым), Долон ашуусу (292–305-чакырым), Көк-Арт ашуусу (201–205, 260–290, 326–349-чакырымдар) жана Чоң-Ашуу ашуусу (45–90-чакырым)