Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

23-26-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Айрым унаа жолдорунда кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кооптуу аймактарга Төө-Ашуу ашуусу (121–138-чакырым), Ала-Бел ашуусу (198–265-чакырым), Долон ашуусу (292–305-чакырым), Көк-Арт ашуусу (201–205, 260–290, 326–349-чакырымдар) жана Чоң-Ашуу ашуусу (45–90-чакырым) кирет.

Ошондой эле Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу, Ала-Бука–Каныш-Кыя (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка–Акташ, Сары-Таш–Дароот-Коргон–Карамык, Бишкек–Нарын–Торугарт, Арал–Миң-Куш жана Арал–Суусамыр унаа жолдорунда да кар көчкү коркунучу бар.

Жолдордо кар күрткүсү жана муз тоңуу күтүлөт. Айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Тиешелүү кызматтар абалды көзөмөлдөп, зарыл болгон учурда тазалоо иштерин жүргүзөт. Айдоочулардан сактык чараларын сактоо өтүнүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен