Жарандар салык декларациясын берүүдө социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алууга укуктуу

Жарандар салык декларациясын берүүдө социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алууга укуктуу

Жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, бирдиктүү салык декларациясын берүүдө Салык кодексинде каралган социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алууга укуктуу экенин МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык эсептен чыгарып алууну салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы жыйырма төрт жаштан ашпаган адамынын билим алуусуна алууга болот.

Мында, социалдык эсептен чыгарып алуунун өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар КРнын билим берүү уюмунун дарегине же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталат. Ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн билим алууга эсептен чыгарып алууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25%дан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

Мүлктүк салыктык эсептен чыгарып алууну салык төлөөчү тарабынан ипотекалык кредит боюнча пайыздарды жоюуга иш жүзүндө төлөнгөн каражаттардын суммасынан алууга укуктуу, бирок бир жылда 230 миң сомдон ашык эмес.

Эсептен чыгарып алуулар салык төлөөчүгө салыктык каттоосу бар болгон жана ал Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган учурда, жазуу түрүндөгү арыздын жана жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документтердин негизинде берилет.

Салык төлөөчү салык органына эсептен чыгарып алуу үчүн жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документ катары төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

1. Социалдык эсептен чыгарып алуу үчүн:

  • арыз (DOC STI-162 формасы боюнча)
  • билим берүү мекемеси менен декларант ортосунда түзүлгөн акы төлөөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө контракттын копиясы
  • билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөнгөн акы үчүн квитанциясынын көчүрмөсү
  • багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү/бала асырап алганы жөнүндө документ
  • эгер багуудагы адам орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемесинде окуп жатса баланын/асырап алган баланын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдан маалымкат
  • декларанттын паспортунун, багуудагы адамдын паспортунун (бар болсо), деларанттын жубайынын паспортунун, никеси жөнүндө же никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • декларанттын (негизги жана негизги болбогон) иштеген жеринен билим алууга социалдык чыгарып салууну берүү мезгилине дал келүүчү календарлык жылда эмгек акынын эсептелген суммасы, киреше салыгынын кармалган суммалары, эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр тууралуу белгиленген форма боюнча маалымкат (DOC STI-161)
  • декларанттын жубайынын (негизги жана негизги болобгон) иштеген жеринен билим алууга социалдык чыгарып салууну берүү мезгилине дал келүүчү календарлык жылда эмгек акынын эсептелген суммасы, киреше салыгынын кармалган суммалары, эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр тууралуу белгиленген форма боюнча маалымкат
  • айыл өкмөтүнөн, башкаруу үйүнөн, турак жай менчик ээлеринин шериктигинен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен, башка турак жай-коммуналдык уюмдардан үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.

2. Мүлктүк эсептен чыгарып алуу үчүн:

  • арыз
  • декларанттын паспортунун көчүрмөсү
  • сатып алган кыймылсыз мүлккө техникалык паспорттун көчүрмөсү
  • ипотекалык кредит алууга банктык жана/же финансы-кредиттик мекеме менен түзүлгөн ипотека жөнүндө келишимдин көчүрмөсү
  • күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү
  • ипотекалык кредитти төлөө жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөлөрү
  • алынган, кайтарылган насыялардын жана алар боюнча ипотекалык насыянын төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкаты
  • декларанттын (негизги жана негизги болбогон) иштеген жеринен билим алууга мүлктөй салыктык чыгарып салууну берүү мезгилине дал келүүчү календарлык жылда эмгек акынын эсептелген суммасы, киреше салыгынын кармалган суммалары, эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр тууралуу белгиленген форма боюнча маалымкат.

Эгерде салык төлөөчү үчүн турак үйдү, батирди курууга же сатып алууга чыгымдарды төлөө жумуш берүүчүнүн же башка субъекттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсө, ошондой эле эгерде турак үйдү, батирди, бөлмөнү же алардын үлүшүн сатып алуу-сатуу келишими өз ара көз каранды жактар болуп эсептелген жеке адамдардын ортосунда түзүлсө мүлктөй салыктык эсептен чыгаруу колдонулбайт.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн жана жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

  • Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

23-26-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Айрым унаа жолдорунда кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. ӨКМдин маалыматына ылайык, кооптуу аймактарга Төө-Ашуу ашуусу (121–138-чакырым), Ала-Бел ашуусу (198–265-чакырым), Долон ашуусу (292–305-чакырым), Көк-Арт ашуусу (201–205, 260–290, 326–349-чакырымдар) жана Чоң-Ашуу ашуусу (45–90-чакырым)