Президент да Түрк Инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекте жайгаштырууга кызыкдар

Президент да Түрк Инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекте жайгаштырууга кызыкдар

Президенти Садыр Жапаров кечээ, 22-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Биналы Йылдырымды кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу башында Мамлекет башчысы Йылдырымды Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы ардактуу кызматына шайланышы менен куттуктады жана ага Кыргызстанга жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүн оң баалап, уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кыргыз тараптын даярдыгын ырастады. Тактап айтканда, ал Бинали Йылдырымды Кыргызстандын Түрк Инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштыруу демилгесин колдоого чакырды», –  деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты менен соода-экономикалык, транспорт-логистика, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түрк кызматташтыгын активдештирүү маселесин да талкуулады.

Өз кезегинде ТМУ Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым ТМУнун Аксакалдар Кеңеши Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын өткөн жылдагы Саммитинин чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтөөрүн, анын ичинде Түрк инвестициялык фондун эртерээк түзүү маселеси да бар экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 15-мартта Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) жетекчилеринин ТМУнун инвестициялык фондун түзүү маселеси боюнча онлайн жолугушуусу болуп, анда да Фонддун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу боюнча кыргыз тараптын так позициясы айтылган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу