Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды.

Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы өлчөмүндө болот.

Балдары 18 жашка толгондо, алар өз алдынча патент алууга же өлкөдө жашоого башка мыйзамдуу негиз жок болсо Россиядан чыгып кетүүгө тийиш.

Патент — бул жеке киреше салыгы боюнча ай сайын төлөнүүчү туруктуу аванстык төлөм. Азыр базалык ставкасы 1,2 миң рубль. Дефлятор коэффициентин жана аймактык коэффициентти эске алганда, сумма ар аймакта ар башка: Чеченстанда 3,4 миң рублден, Краснодарский крайында 27,3 миң рублге чейин жетет. Москва шаарында айлык төлөм болжол менен 10 миң рублди түзөт.

Өзгөртүүлөр патент төлөөгө милдеттүү болгон мигранттардын чөйрөсүн кеңейтет. Анын ичинде жеке адамдарга — үй-бүлөлүк же тиричилик муктаждыктары үчүн иштегендер да кирет. Мындан тышкары, кирешелерге көзөмөл күчөтүлөт: Салык кызматы патент ээлеринин "ак" кирешеси аймактагы жашоо минимумунан төмөн болбошун текшерет.

Мындан тышкары окуңуз

Юридикалык сабаттуулук: Кыргызстанда акысыз юридикалык жардамды кантип алууга болот?

Юридикалык сабаттуулук: Кыргызстанда акысыз юридикалык жардамды кантип алууга болот?

Укуктук маселе жаралганда көпчүлүк жарандар кайда кайрылууну жана акысыз юридикалык жардам алуунун жолдорун биле беришпейт. Ошол эле учурда Кыргызстандын мыйзамдары ар бир адамга юридикалык жардам алуу укугун кепилдейт. КРнын Конституциясынын 61-беренесине ылайык, ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Ал эми мыйзамда каралган учурларда мындай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.

Ноокаттагы бала бакчанын жер титирөөгө туруктуулугу текшерилди

Ноокаттагы бала бакчанын жер титирөөгө туруктуулугу текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы бала бакчага инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн максаты - Көк-Жар айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эски имаратынын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо. Адистер имараттын долбоордук документтерин тыкыр изилдеп, курулуш сапатынын ишенимдүүлүгүн баалоо

Кыргызстан менен Беларустун соода көлөмү 206 млн долларга жакын болгон

Кыргызстан менен Беларустун соода көлөмү 206 млн долларга жакын болгон

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев жана расмий сапар менен өлкөгө келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Беларусь Премьер-министринин бул сапары кыргыз-беларусь кызматташтыгын мындан ары чыңдоодо маанилүү этап болуп, өз ара кызыкчылык

Кыргызстан менен Беларусь ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Беларусь ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Беларусь Республикасынын ортосунда аталган өлкөнүн Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Кол коюлган документтер: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндөгү Макулдашуу;