Ири салык төлөөчүлөрдүн карызынын суммасы 1.6 млрд сомдон ашты
Чоң салыктарды төлөөдөн качкан жарандардын карызынын суммасы 1.6 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, бул сумма 2022-жылдын 1-мартына карата белгиленген.
Салык төлөбөгөндөрдүн эң көбү Жалал-Абадда (344 миң сом), Панфилов районунда (132 миң сом) жана Ошто (131 миң сом) катталган.