Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот – Максат Ишенбаев

Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот – Максат Ишенбаев

Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот. Мындай пикирин «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев Бишкекте ЖИА уюштурган «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда билдирди.

Ишенбаевдин пикиринде сомдун мындай девальвациясына жол берилбеши керек болчу.

«Улуттук банк рублдин артынан байланып, чуркабай, интервенция жасап, рынокто экенин көрсөтүш керек эле. Бул психологиялык таасир болгонун азыр көрүп жатабыз. Анын үстүнө девальвация учурунда экспортту колдошубуз керек. Ал эми Россия менен бул таптакыр тескерисинче болууда – биз көбүрөөк импорттойбуз жана инфляцияга абдан күчтүү таасир этүүчү мунай, бензин, азык-түлүк импорттоп жатабыз», – деди банктын жетекчиси.

Улуттук банктын эсептик чени көтөрүлгөнүнө банктар дароо реакция кылып, кредиттердин үстөк пайызын көтөрүштү.

«Албетте, финансылык инструменттер да, акчага жетүү да эми баары алда канча кымбат болот. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана ири валюта интервенцияларынын аркасында, мисалы, айыл чарбадагы дыйкандар төмөнкү пайыздык үстөк менен насыя алганга көнүп калышкан. Мен аны эми убактылуу унутушубуз керек деп ойлойм», – деди ал.

Аталган форумда Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтып, бийлик тез аранын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, базарларды ачып, ишкерлердин эркин соода жүгүртүүсүнө жол бериши керектигин билдирди.

Ошондой эле Ишенбаев улуттук холдингдерди түзүүнү өзгөчө колдобой турганын, анткени алар жөнөкөй ишкерлерге эмне үчүн керек экени түшүнүксүз экенин белгиледи.

«Бул биздин акча, биздин салыктар. Ошол эле учурда Улуттук банк долларлык кредиттерди сомго реструктуризациялоону суранып жатат – мунун баары биздин чөнтөгүбүздүн эсебинен болот. Пандемия учурунда да бийлик көп убадаларды кылган. Бизнести колдоо үчүн мамлекеттен акчалай жардам алгандар болдубу?» – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу