Экономикага 500 миң доллар салым кошкон чет элдиктерге КРнын жарандыгын берүү сунушталууда

Экономикага 500 миң доллар салым кошкон чет элдиктерге КРнын жарандыгын берүү сунушталууда

Кыргызстандын экономикасына 500 миң доллар салым кошкон чет элдиктерге жарандык берүү сунушталууда. Бул тууралуу «Инвестициялар боюнча КРнын жарандыгы жөнүндө» мыйзам долбоорунда айтылат.

Инвестициялар Кыргызстандын экономикасына түз жана өз алдынча 500 миң доллардан кем эмес материалдык жана финансылык ресурстар болушу мүмкүн экендиги белгиленген.

«Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн жумшай турган инвестициянын көлөмүн ар бир облус боюнча Министрлер кабинети өзүнчө аныктайт», – деп айтылат документте.

Жарандык үчүн инвестициялар төмөнкүдөй түрдө болушу мүмкүн:

  • Кыргызстандын банк эсептерине беш жылдан кем эмес мөөнөткө депозит салуу
  • кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө, анын ичинде акцияларга, коммерциялык уюмдардын мүлкүндөгү үлүшкө ээлик кылуу
  • стартаптарга, IT индустриясы жана экономиканын башка секторлору үчүн алдыңкы техникаларды жана технологияларды өнүктүрүүгө инвестициялар
  • республиканын айрым региондорун өнүктүрүү үчүн Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан жана ишке ашырылуучу атайын инвестициялык программаларга инвестициялар.

Инвестиция салган мезгил беш жылдан кем эмес болушу шарт жана КРнын жарандыгын алган адам КРда жарандык укуктун объектилерин эч кандай түрдө ажыратууга укугу жок, деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу