Кыргызстан жылына 1.6 тонна алтын импорттойт

Кыргызстан жылына 1.6 тонна алтын импорттойт

Кыргызстан жылына 1.6 тонна алтын импорттойт. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров билдирди.

Мадумаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, жылына өлкөгө 1500-1600 кг алтындан жасалган зер буюмдар, күмүш 2 тоннадай кирээри тууралуу айтты.

«Бул биз билген бажы алымдары төлөнүп, ачык-айкын, лабораториядан өткөн алтындын көлөмү. Калгандарын билбейм», – деди ал.

Жыйында депутаттар зергерчилик тармагындагы көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу зарылчылыгын белгилешип, республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү тууралуу маселени көтөрүштү.

Ошондой эле Баалуу металлдар департаментинин директору республикада зергер буюмдарын чыгарган 37 ишкана болсо, алардын көбү жеке ишкерлер экенин, учурда республикада болжол менен зергерчилик тармагы 170 жумуш оруну менен камсыз кылаары тууралуу билдирди.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун сапатсыз, контрабандалык зер буюмдардын рынокко киришин жана мындай буюмдарды республиканын чегинен тышкары ташылуусун жоюуга, расмий түрдө баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн субъекттердин санынын өсүшүнө багытталган норманы колдошту.

Белгилей кетсек, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча Финансы министринин орун басары Руслан Татиков баяндама жасады.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу