Ошто кыргызстандык өндүрүштү колдогон жаш ишкерлердин конференциясы өттү

Ошто кыргызстандык өндүрүштү колдогон жаш ишкерлердин конференциясы өттү

Ошто ата мекендик өндүрүштү колдогон жаш ишкерлердин конференциясы өттү. Бул тууралуу жергиликтүү T-media.kg маалымат порталы билдирди.

Маалыматка таянсак, Ошто JashtarCamp платформасынын демилгеси менен айыл чарба жана агроөнөр жай тармагына кызыккан жаштардын башын бириктирген иш чара өткөн. Ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан бул тармакка кызыккан 16-28 жаштагы ишкерлер келген. 

Конференцияда ар тармактагы спикерлер, эксперттер, айыл чарба тармагындагы ишканалардын өкүлдөрү жана ийгиликтүү бизнесмендер катышуучулар менен өз билимдерин жана тажрыйбасын бөлүшкөн.

Конференцияга катышкан ийгиликтүү ишкерлердин бири Адыл Гапаров кадимки чегирткеден экологиялык азык жасаганын аталган порталга айтып берген. Алгач колунда 30 гана чегиртке болсо, азыр аны көбөйтүп ун жана куурулган азык жасап келет. Иш чарада ал мындай ишкерликке тартылгысы келген жаштарга кеңешин берди.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу