Улуттук банк кирешесинин 90% мамлекеттик бюджетке берүүгө макул

Улуттук банк кирешесинин 90% мамлекеттик бюджетке берүүгө макул

Бүгүн, 29-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралганын ЖКнын маалымат кызматы билдирет.

Жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары Илияз Иманбетов мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн өлчөмүн 2021-2022-жылдарга 70%дан 90%га чейин көбөйтүү жолу менен  республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында иштелип чыкканын маалымдады.

Талкуу учурунда депутат Өмүрбек Бакиров Улуттук банк кирешелерин кайсы булактардан алып жатканын сурады.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ички жана тышкы каражат жүгүртүүлөрдөн киреше алынаарын айтып, 2021-жылы 9.2 млрд сом пайда алынганын белгиледи. Анын 10%ы гана калтырылса, 920 млн сом болоорун кошумчалады.

«Ал резервге которулуп, чыгашаларга жумшалат. Учурда Улуттук банктын резервинде 8 млрд сом бар», – деди Бөкөнтаев.

Ал эми депутат Эльдар Сулайманов мындай өзгөртүү Улуттук банкка кандай таасир берээрин сурады.

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы буга чейинки 70/30%дык бөлүштүрүү оптималдуу болгонун жүйө келтирип, бирок республикалык бюджетти толтурууга багытталган жаңы эрежеге ылайык иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин регулятор кирешесинин 70%ын гана республикалык бюджетке берчү.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу