Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти жетектеди

Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти жетектеди

Министрлер Кабинети кезектеги кенешмесинде Министрлер кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө чечимди жактырганын кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, координациялык кеңешти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт.

Белгилесек, кеңештин негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу жолу аркылуу КРнын экономикасын стабилдештирүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү.

«Белгилүү болгондой, Министрлер кабинетинин алдына чоң милдеттер коюлган. Биринчи кезекте, бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын олуттуу түрдө жогорулатуу боюнча президенттин тапшырмасын аткаруу болуп саналат. Мындан тышкары, экономикалык чөйрөдө алдыдагы реформаларды жүргүзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жай жана инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик башкаруу тутумунда натыйжалуулук, чечимдердин сапаттуу жана ыкчам кабыл алынышы талап кылынат», – деди Акылбек Жапаров. 

Ошондой эле Министрлер кабинети чечим кабыл алып, ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү жана «Ысык-Көл» аэропорту авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында күнү-түнү иштей турган болду.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу