«Бакай Банк» башкармалыгынын жетекчиси Оксана Соломко мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду
«Бакай Банк» ААК башкармалыгынын жетекчиси Оксана Соломконун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
КФБнын берген маалыматына ылайык, 29-мартта өткөн директорлор кеңишинин жыйынында мындай чечим кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Соломко 2020-жылдын күзүндө «Бакай Банк» ААКтын башкаруу командасына Башкармалыктын төрагасынын кеңешчиси болуп кирип, андан кийин Башкармалыктын Төрагасы болуп дайындалган эле.