Эрнест Дыйканбаев ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды
Эрнест Дыйканбаев КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эрнест Дыйканбаев 1978-жылдын 27-январында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган. 1995-жылдан 2000-жылына чейин академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу адистигин бүтүрүп, 2009-жылдан 2011-жылына чеийн РФнын Жарандык коргонуу Академиясынын угуучусу болгон.
2022-жылдын 23-мартынан тартып КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды.