Финансы министрлиги быйыл бюджетке 47.5 млрд сом каражат тартууну көздөөдө

2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында Финансы министрлиги бюджетке 47.5 млрд сом өлчөмүндө карыздык каражаттарды тартууну көздөөдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бул сумма үч багыттан алынат:

  • Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор. 2022-жылы мамлекеттик инвестицияларды бюджеттен тышкы булактардын эсебинен каржылоонун көлөмү 21.9 млрд сомду түзөт
  • Программалык (бюджеттик) жардамдардын алкагында, Дүйнөлүк банктан жана башка донорлордон 9.9 млрд сом кредиттик каражаттарды алуу күтүлүүдө
  • Мамлекеттик баалуу кагаздар. 2022-жылы бюджетте мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан 15.6 млрд сом өлчөмүндө каражат алуу пландаштырылууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Баткенде 500 млн сомдук долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда