Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды
Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп Мирлан Урматов дайындалды.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жаңы дайындалган акимди эмгек жамаатына президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырды.
Мирлан Урматов 1982-жылдын 10-февралында Чүй облусунун Сокулук районундагы Түз айылында туулган. Билими жогорку, юрист адистигине ээ. Экономика багыты боюнча магистр даражасын алган.
Эмгек жолун КРнын Ички иштер министрлигинде кызматкер болуп баштаган.
Ар кайсы жылдары "Урмат Ата" дыйкан чарбасынын жетекчиси, Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Гавриловка жана Кожомкул айыл өкмөттөрүнүн башчысы, ошондой эле Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматтарында эмгектенген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу