Баткенде 500 млн сомдук долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды
Баткен облусун өнүктүрүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт. 2026-жылы бул каражаттын эсебинен 10 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусун өнүктүрүү кеңешинин жыйынында район акимдери менен шаар мэрлеринин бөлүнгөн каражаттын өздөштүрүлүшү боюнча отчеттору угулду.
Ошондой эле 2027-жылга карата Раззаков шаарындагы борбордук стадионду реконструкциялоо жана Төө жайлоо туристтик аймагында туристтик комплекс куруп, инфраструктурасын өнүктүрүү сунуштары каралды.
Жыйын Баткен облусунун өнүктүрүү кеңешинин төрагасы, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде өттү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу