Улуттук банк доллардын курсунун төмөндөөсү боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банк доллардын курсунун төмөндөөсү боюнча түшүндүрмө берди

КРнын Улуттук банкы валюта рыногундагы жагдай тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Улуттук банк учурдагы өзгөрүлмө алмашуу курсу боюнча чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталаарын айтат.

Мындан тышкары, Улуттук банк ички валюта рыногу боюнча катуу талап койгон жөнгө салуучу болуп саналбайт жана валюталар курсунун тенденциясын аныктабайт, ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт.

«Ал эми АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсунун төмөндөөсү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы менен сунушунун учурдагы балансынан түзүлөт. Суроо-талап жана сунуштун балансына тышкы сыяктуу эле, ички факторлор да таасирин тийгизет.

Демек, АКШ долларынын курсунун төмөндөөсүнө чет өлкө валютасынын сунушунун ага болгон суроо-талаптын артышы, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата бекемделиши таасирин тийгизет», – дейт регулятор.

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга дайым көз салып турат жана зарыл учурларда акча-кредит саясатынын негизинде тиешелүү чараларды көрөт.

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында кечээ 30-мартта Улуттук банк 5.4 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү. Тагыраак айтканда, валюта рыногунан долларды сатып алды.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн кошумча төлөмдөр киргизилет

Россия бийлиги визасыз режимдеги КМШ мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарына карата эрежелерди катаалдаштырууну даярдап жатканын Коммерсантъ басылмасы жазды. Финансы министрлигинин мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылдан тарта мигранттар патентти өздөрү үчүн гана эмес, жашы жете элек балдары жана башка багуусундагы адамдар үчүн да төлөөгө милдеттүү болушат. Алар үчүн төлөм негизги сумманын 50%ы

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Казакстандын мурдагы УКК башчысы Карим Масимовдун самурай кылычы 3,4 млн теңгеден ашык суммага сатылды

Мурдагы УКК башчысынын хан сарайынан алынган буюмдарды сатуу уланып жатат. Астанада өткөн электрондук аукциондо Масимовдун үйүн тинтүү учурунда алынган самурай кылычы жана булгаары кур сатылды деп билдирет Orda.kz. Баштапкы баасы 461 миң теңге болгон кылыч 3 миллион 413 миң 825 теңгеге сатылды. Кылыч болоттон жасалган жана кыны кара түстө,

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу