«Айыл Банктын» директорлор кеңешинин эки мүчөсү мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду

«Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин эки мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.

КФБнын берген маалыматына ылайык, акционерлердин жылдык жалпы жыйынында директорлор кеңешинин төрагасы Малабек Токтоболотовдун жана директорлор кеңешинин мүчөсү Адилет Жакыбалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган.

Ошондой эле кеңешке Назгүл Алакова менен Нурай Марс шайланганы маалым болду.

«Айыл Банктын» директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын төрагасы болуп Абдрашев Нургазы Акунжанович шайланды», – деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Баткенде 500 млн сомдук долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды

Барскоондо жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалангандарга айып салынды

Ат-Башыда жылытуу үчүн колдонулган отундардын сапаты текшерилди

Жалгыз бой ата-энелерге иштен эрте кетүүгө же кечигүүгө укук берүү сунушталууда