Күйүүчү майдын баасы төмөндөбөйт – нефтетрейдерлер келишимди доллар көтөрүлгөн кезде түзүшкөн

Күйүүчү майдын баасы төмөндөбөйт – нефтетрейдерлер келишимди доллар көтөрүлгөн кезде түзүшкөн

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы республиканын нефтетрейдерлери менен жолугушуу өткөрүп, анда күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) баасы, запастар, көйгөйлөр жана башка маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Нефтетрейдерлердин айтымында, КММ жеткирүү боюнча келишимдер алмашуу курсу жогору болуп турганда түзүлгөн жана бул келишимдер боюнча белгилүү көлөмдөр дагы деле болсо Кыргызстанга келүүдө.

Буга байланыштуу нефтетрейдерлерге төмөнкүдөй сунуштар берилди:

  • республиканын аймактарын КММ менен толуктоо үчүн чакан жана дүң сатууну калыбына келтирүү маселесин кароо
  • жогорку баада сатылып алынган КММдин калган көлөмүн сатуу аяктаганга чейин социалдык маанидеги товарларга – АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге жана дизелдик отунга баанын өсүшүнө жол бербөө
  • бул калдыктар сатылгандан кийин, келечекте мунай продуктыларынын баасына түздөн-түз таасирин тийгизген доллардын курсунун төмөндөшүн эске алуу менен, сатылып жаткан күйүүчү-майлоочу майлардын баасын төмөндөтүү
  • мунай продуктыларынын тартыштыгын жана ашыкча суроо-талапты түзүүгө жол бербөө жана рынокту толтуруу үчүн КММдин зарыл запастары менен камсыздоо
  • республиканын аймактарында АЗС тармагын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн кароо
  • май куюучу жайларда унаага КММ куюлбай калуусуна көзөмөлдү күчөтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөө
  • рынокто кырдаал өзгөргөн учурда ыкчам жана алдын алуу чараларын көрүү үчүн кайтарым байланышта болуу.

Ошондой эле маалыматта бүгүнкү күндө ККМдин жаңыдан түшкөн көлөмүн эске алуу менен республикада үч айлык дизель майы жана бензиндин бир айлык запасы бар экени айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана