КР 9 жылда айыл чарбасын насыялоого 50 млрд сом жумшады

КР 9 жылда айыл чарбасын насыялоого 50 млрд сом жумшады

2013-жылдан тартып КРнын өкмөтү «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун циклин ишке ашырып келет жана ушул 9 жылда бийлик бул тармакты насыялоого 48 млрд 26 млн сом жумшаган. Мындай сумма Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Бул долбоор башталгандан тартып 115 194 чарбалык субъектилерге 48.2 млрд сом суммасына насыя берилген, анын ичинде: 

  • «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 31.53 млрд сом суммасына 93 028 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 65%ын түзгөн
  • «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча  6.96 млрд сом суммасына 20 052 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 14%ын түзгөн
  • «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 9.76 млрд сом суммасына 2 114 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 21%ын түзгөн.

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Министрлер Кабинети «АЧК-10» долбоорун бекиткен.

«Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 8 коммерциялык банкы катышууда, аларды насыялоонун көлөмү 4.9 млрд сом суммасын түзүүдө», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүлүп келген менен Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн камсыз кылууда 70% импорттон көз каранды. Бир эле мисал Кыргызстан буудайдын 57%ын Россиядан, 40%ын Казакстандан ташып келет. Ал эми кумшекерге болгон орточо жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, ички өндүрүш керектөөнүн 50ын гана жабат. Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана